3 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Суум агып жатат десе да караган жок: Бейтаптын айыптоолоруна Эне жана баланы коргоо борбору жооп берди

Суум агып жатат десе да караган жок: Бейтаптын айыптоолоруна Эне жана баланы коргоо борбору жооп берди

• 1 мүнөт окуу • 94 көрүү

Zobolo — Соцтармактарда Бишкектеги медициналык мекемелердин биринде дарыгер менен кош бойлуу келиндин чарчаңкы абалда жаңжалдашкан видеосу тарап, коомчулукта кызуу талкуулуу маселеге айланды. Видеону жүктөгөн келин суусу агып жатканына карабай дарыгерлер кайдыгерлик менен карап, жардам көрсөтпөй жатканын айтып нааразы болгон.

Бул окуя боюнча Улуттук эне жана баланы коргоо борбору расмий түшүндүрмө берип, соцтармактарга тараган маалыматтар чындыкка толук дал келбей турганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ооруканада жаткан убакта бейтапка бардык зарыл текшерүүлөр, анын ичинде УЗИ жана амниотикалык суюктуктун (суунун) бар-жогун аныктоочу эки жолку тест толук жүргүзүлгөн.

2-ноябрда бейтап стационардык дарылоону улантууга медициналык негиздер болбогондуктан ооруканадан чыгарылып, тиешелүү адистештирилген мекемеге консультация алууга жөнөтүлгөн. Медициналык кызматкерлер бейтаптын даттанууларына ылайык бардык зарыл текшерүүлөрдү жана иш-чараларды толук аткарышкан. Жардам көрсөтүлгөн эмес деген пикирлер окуянын бардык жагдайларын толук чагылдырбайт, — деп айтылат борбордун билдирүүсүндө.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар