3 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Бишкекте бир эмес, эки ири дарыканага мөөр басылып, жабылды

Бишкекте бир эмес, эки ири дарыканага мөөр басылып, жабылды

• 1 мүнөт окуу • 105 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарында дары-дармектерди, медициналык буюмдарды жана косметикалык каражаттарды сатуу менен алектенген эки ири дарыкана расмий түрдө мөөр басылып, жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Борбордук дарыкана» («Центральная аптека») жана Токтогул көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде (Куруучулар поликлиникасынын жанында) орун алган «Адмирал» дарыканасы убактылуу жабылган объекттердин катарына кирди.

Салык кызматы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, иштин чоо-жайы жана мыйзам бузуунун себептери тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилерин маалымдады.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар