3 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Өзгөндө асфальт төшөгөн фирмага 200 миң сом айып салынды

Өзгөндө асфальт төшөгөн фирмага 200 миң сом айып салынды

• 1 мүнөт окуу • 105 көрүү

Zobolo — Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ата-Башат айылында тургундун видеокайрылуусунан кийин жолго салынган асфальттын сапаты текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.

Адистердин айтымында, асфальттын сапатын так аныктоо үчүн лабораторияга керн үлгүлөрү алынып жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылган иштердин талапка жооп бербеген бөлүгү аныкталып, подрядчы мекеме — “Толман” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу үчүн 10 күн мөөнөт берилди.

Белгилей кетсек, Жалпак-Таш айыл өкмөтү тарабынан буйрутма берилген 3,2 чакырым жолдун учурда 700 метрине асфальт төшөлгөн. Министрлик объекттердеги сапатты көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантыларын эскертти.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар