Аймагыңдын депутатына бар дебеди! Төраганын жөнөкөйлүгү жана элге жакындыгы жогору бааланды
Zobolo — Фейсбук социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Кожогул Дүйшөнбек уулу Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин жеке кабыл алуусунда болуп, көптөн бери чечилбей жүргөн маселеси оң жагына чечилгенин айтып, соцбаракчасына жеке пикирин жарыялады.
Автордун айтымында, ал алыскы Нарын облусунан атайын келип, Төраганын жеке кабыл алуусуна жазылган. Кабыл алуу бөлмөсүндөгү элдин көптүгүнө карабай, Төрага келгендердин баарын кабыл алып, ар бир жарандын көйгөйүн кылдаттык менен уккан.
Нарындан барсам дагы, "аймагыңдын депутатына кайрыл" дебестен, ар бир жаранды өз шайлоочусундай кабыл алып, көйгөйдү терең түшүнүү менен мамиле кылганы өзгөчө таасир калтырды, — деп жазган Кожогул Дүйшөнбек уулу.
Ошондой эле, ал жетекчиликтин мындай жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы жана маселелерди ордунан чечүүгө умтулуусу калктын бийликке болгон ишенимин дагы да бекемдей турганын кошумчалады.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү