Марлен Маматалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Zobolo — КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктады.
Маматалиевдин куттуктоосун өзгөртүүсүх беребиз:
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери! Кадырлуу ардагерлер!
Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар - Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Ички иштер органдары мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоодо, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоодо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо өзгөчө орунду ээлеген маанилүү мамлекеттик түзүм.
Элибиздин бейпилдиги, коомубуздун туруктуулугу жана өлкөбүздүн өнүгүшү түздөн-түз мыйзам үстөмдүгүнө, жарандардын коопсуздугуна жана укук коргоо органдарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө көз каранды.
Сиздер бул мезгил аралыгында күнү-түнү дебей, майрам жана дем алыш күндөрүнө карабастан, элдин тынчтыгы үчүн талыкпай кызмат өтөп келдиңиздер. Андыктан ар бир кызматкердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги, эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги терең урматтоого татыктуу.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп, мамлекетибиздин коопсуздугун чыңдоого, укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана кызматкерлер үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошол эле учурда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, жарандардын укуктарын коргоонун мыйзамдык кепилдиктерин бекемдөө жана коомдун милицияга болгон ишенимин арттыруу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири бойдон калууда.
Ага ылайык, Жогорку Кеңеш да бул багыттагы мыйзамдык демилгелерди колдоого алып, укук коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди жигердүү улантып келет.
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубат жашоо, кажыбас кайрат жана жооптуу кызматыңыздарда зор ийгиликтерди каалайм!
Ар дайым элдин ишенимин актап, мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн жана коомдук коопсуздуктун бекем тиреги болуп жүрө бериңиздер!
Мекенибиз тынч, элибиз аман, мамлекетибиз бекем болсун!
Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү