31 Октябрь Бишкек +10°
Курстар USD 87.46 +0,01% EUR 97.66 +0,05% RUB 1.09 +0,21% KZT 0.1929 -0,08%
Соңку билдирүүлөр
"Манас" университетинин аймагынан өткөн талаштуу жол ачылды

"Манас" университетинин аймагынан өткөн талаштуу жол ачылды

• 1 мүнөт окуу • 81 көрүү

Zobolo — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагынан өткөн Минжылкыев көчөсү ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки узундугу 1,4 чакырым болгон тилкеге асфальт төшөлүп, тротуарлар салынды. Жол боюна 84 түп көк чынар көчөтү отургузулуп, автоматташтырылган сугаруу тутуму орнотулду. Жол ачылар алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчөнү көздөн өткөрүп, көчөт отургузууга катышты. Ошондо калаа башчысы президенттин тапшырмасына ылайык, автоматташтырылган сугат системасы жок же такыр сугарылбай турган жерлерге мындан ары бак отургузулбай турганын эскертти.

Ал университет жаңы тигилген бактарды карап, жол боюндагы тосмолорду бүтүрүп, жер алдындагы эки жөө өтмөктүн курулушун тездетиши керектигин белгиледи.

Буга чейин кампустун аймагы аркылуу жол салуу коомчулукта нааразылык жараткан эле. Долбоорго студенттер, университеттин жамааты жана шаар тургундары каршы чыгып, петиция да уюштурушкан.

Ал эми Айбек Жунушалиев бул жолдун курулушу 2016-эле жылы мерчемделгенин билдирди:

Бул жол башкы планда каралган. Минжылкыев көчөсүнүн ачылышы менен шаардагы жол көйгөйү 100 пайыз чечилет деген ойдон алыспыз. Учурда «Жал» кичи районунда 38 миңден ашуун адам жашайды. Ал эми 2022-жылы алардын саны 17 миң болчу. Андан бери жаңы жол салынган жок. Биз жаңы инфраструктура түзүшүбүз керек, — деди мэр.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар