2 миң сом пара берген киши эмне үчүн эки жылга камалган? Мыйзам менен жашасак ушундай болобу?
Zobolo — Жогорку сот эки миң сом пара берген киши эмне үчүн эки жылга эркинен ажыратылганы боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин билдирүүсүнө таянсак, пара берүү боюнча тиешелүү беренеде 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Аталган норма боюнча айып салуу, коомдук жумуштарга тартуу же пробация колдонулбайт. Мындай жаза чарасы 2025-жылдын 20-январында — кылмыш жасалганга чейин эле катаалдаштырылган.
2025-жылдын жайында Токмок шаарында милиция кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жана документтери жок мотоцикл айдап жүргөн өспүрүмдү токтотуп, унааны айып короосуна токтоткон. Атасы мотоциклди протокол түзбөстөн кайтарып алуу үчүн жол кайгуул бөлүмүнүн башчысына 2 миң сом берген. Токмок шаардык соту аны актаган, бирок Чүй облустук соту прокурордун сунуштамасы менен бул өкүмдү жокко чыгарган. Анын күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, аудио жана видео далилдер менен толук тастыкталган, — деп айтылат билдирмеде.
Эске сала кетсек, буга чейин соттолгон жарандын уулу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Мамлекет башчысы милиция менен прокуратуранын аракетин сындап, мындай сумма үчүн жаранды эки жылга камоону уят көрүнүш деп атаган жана иш кайра караларын билдирген.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү