Мектеп китептери санариптелет: "Эксперт" системасы эмнеси менен өзгөчө?
Zobolo — Мектептеги окуу китептеринин сапатын жакшыртуу максатында "Эксперт" аттуу автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилип жатканын министрлер кабинетинен билдиришти.
Жаңы санариптик платформа окуу китептерин эксперттик баалоого адистерди тартууну кыйла жеңилдетет.
Аны менен катар, 2027-2030-жылдарда окуу китептерин басып чыгаруунун мамлекеттик программасынын долбоору да каралып, китептерге буйрутма берүүдөн тартып окуучуларга жеткирүүгө чейинки бардык процессти толук санариптештирүү милдети коюлду.
"Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн жумушчу топтун жыйындары жума сайын өткөрүлүп турмакчы" - деп айтылат маалыматта.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкектиктер 7-ноябрь күнү кимчи жеп, корей улуттук кийимдерин кийип көрө алышат
Zobolo
415
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү