30 Октябрь Бишкек +9°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Базардын өзү даяр, сырткы жолдору курулууда: Жаңы Ош базары качан ачылат?

Базардын өзү даяр, сырткы жолдору курулууда: Жаңы Ош базары качан ачылат?

• 1 мүнөт окуу • 15 көрүү

Zobolo — Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы Ош базарына барып, ал жердеги аткарылган иштердин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө базардын негизги курулуш иштери толугу менен аяктады. Соодагерлер жана кардарлар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу ыңгайлуу соода жайлары курулду. Учурда базарга алып баруучу жолдун курулушу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу тышкы инфраструктуралык иштер кызуу уланууда. Каныбек Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тиешелүү адистерге тапшырды.

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, жаңы Ош базарын 2027-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Базар сырткы инфраструктуралык иштер толук аяктагандан кийин гана толук пайдаланууга берилет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар