30 Октябрь Бишкек +9°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган эмне жөнүндө кеп курушту?

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган эмне жөнүндө кеп курушту?

• 1 мүнөт окуу • 12 көрүү

Zobolo — Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары да чыңдоонун келечеги кеңири талкууланды.

Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирип, боордош түрк элин Республика күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин айтты. Тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун өзгөчө маанисин жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти, — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларын баса белгиледи.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар