30 Октябрь Бишкек +10°
Курстар USD 87.45 +0,02% EUR 97.61 +0,17% RUB 1.09 -0,03% KZT 0.1931 +0,64%
Соңку билдирүүлөр
Атактуулардын арзан жарнамасы: Карапайым элдин ишенимин саткандар качан жазага тартылышат?

Атактуулардын арзан жарнамасы: Карапайым элдин ишенимин саткандар качан жазага тартылышат?

• 1 мүнөт окуу • 44 көрүү

Zobolo — Кыргызстанда соцтармактарда жарнама таратып, ар кандай жолдор менен калкты алдап акча тапкан көрүнүштөр күн санап күч алууда. Мындай шектүү схемалардын жана финпирамидалардын тузагына көбүнчө коомчулукка таанымал адамдар, тактап айтканда блогерлер, ырчылар жана актёрлор биринчилерден болуп илинип жатышат.

Белгилүү инсандар эч кандай лицензияны, каражаттын мыйзамдуулугун же тийиштүү мамлекеттик органдардын уруксатын текшербестен, жеңил олжо үчүн гана акчалуу долбоорлорду сокурларча жарнамалашууда. Мунун натыйжасында миңдеген карапайым жарандар ишенип калышып, тапкан-ташыганынан айрылышып, карызга батышууда. Эл таанымал адамдардын «кепилдик берип» мактаганына ишенгендиктен, алдамчылыктын масштабы мурункудан да алда канча кеңейүүдө.

Буга байланыштуу коомчулукта мыйзамсыз жарнама тараткандарды жана калкты алдоого шериктеш болгондорду катуу жоопкерчиликке тартуу маселеси абдан кескин коюлууда. Элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, жалган жарнама аркылуу киреше тапкан блогерлер менен атактуулар дагы кадимкидей кылмыш жоопкерчилигин тартып, мыйзам алдында жооп бере турган убакыт келди.

Ар бир жарнаманын артында адамдардын тагдыры, каражаты жана ден соолугу турганын түшүнө турган мезгил келди. Мамлекеттик органдар бул багытта контролду күчөтүп, жалган жарнама таратуучуларга каршы катаал чараларды көрүүсү кажет.

Бул билдирүүнү колдосоңуз, жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз!

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар