Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады
Zobolo — Президент Садыр Жапаров кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады. Маалыматты басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.
Президент соңку 6 жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарды жаңылоого жана санариптик технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Ал милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы жогорулатылганын, жаңы төлөмдөр 1-декабрдан тарта бериле баштаарын билдирди.
Ошондой эле майрамга карата Бишкек ШИИББдин Кайгуул-күзөт полку үчүн жаңы имарат ачылып, милицияга 102 жаңы автоунаа тапшырылган. Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарындагы ички иштер органдары үчүн 42 жаңы имарат онлайн режимде ачылып, пайдаланууга берилди.
"Милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы сөзүнүн соңунда милиция кызматкерлерине үй-бүлөлүк бакыт, иштерине албан-албан ийгиликтерди, ал эми ардактуу ардагерлерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады.
Источник: Масс-медиа Zobolo
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү