Президенттин тапшырмасы менен жайыттарды куткаруунун сырдуу планы башталды
Zobolo — Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана малды тоют менен камсыздоону жакшыртуу боюнча масштабдуу программа даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө жалпысынан 10 миллион гектарга жакын жайыт бар. Анын ичинен айылга жакын жайгашкан жайыттардын 184 миң гектары деградацияга учураган (начарлаган). Буга чейин, тагыраак айтканда, 2023–2025-жылдары 34 миң гектардан ашык аянтка чөп эгилген. Быйыл бул иштерди улантуу үчүн 186 тонна үрөн сатып алынды.
Жаңы программанын негизги багыттары:
-
Жайыттарга көп жылдык чөптөрдү эгүү, отоо чөптөрдү жок кылуу жана жерди кезектешип пайдалануу;
-
Малды бир эле жерге топтобой, алыскы жайыттарга туура бөлүштүрүү;
-
Алыскы жайыттарга баруучу 7 миң чакырымдан ашык жолду жана 553 көпүрөнү оңдоо;
-
Мал сугаруу үчүн 406 жай (сугат чекиттерин) уюштуруу;
-
Сүт чогултуу үчүн 170 атайын танкер орнотуу.
Программанын негизги максаты — жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жердин мындан ары бузулушуна жол бербөө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү. Бул иш-чаралар 2030-жылга чейинки 1000 күндүк реформанын алкагында ишке ашырылмакчы.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү