«Санарип кайгуул» жана заманбап шарттар: Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ишке кирди
Zobolo — Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ачылып, республика боюнча ИИМдин 42 объектиси колдонууга берилди. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады.
Маалыматка ылайык, милициянын 102 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаров Бишкек ШИИББдин кайгуул-посттук кызмат полкунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ошондой эле өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилип, милиция кызматкерлерине 102 жаңы унаа жана атайын техника тапшырылды.
Бишкекте курулган үч кабаттуу жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Анда:
-
Кызматтык бөлмөлөр, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казарма жана эс алуу бөлмөлөрү;
-
«Санарип кайгуул» борбору жайгашкан.
Ошондой эле имараттын аймагында футбол аянтчасы, унаа токтотуучу жай жана машыгуу үчүн ок атуучу тир курулган.
Ошондой эле, онлайн форматта ачылган 42 объектинин катарында республиканын аймактарындагы райондук жана шаардык милиция бөлүмдөрү, кызматкерлердин балдары үчүн бала бакчалар жана башка тиешелүү мекемелер бар.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү