3 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Оор жүк ташуучулардан пара алгандар колго түшүштү

Оор жүк ташуучулардан пара алгандар колго түшүштү

• 1 мүнөт окуу • 82 көрүү

Zobolo — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдөгү салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринде түзүлгөн туруктуу коррупциялык схеманын жолу кесилгенин маалымдады.

Атайын кызматтын берген маалыматына караганда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан белгиленген салмак-габариттик ченемдерди бузгандыктарына карабай, жолдордон тоскоолдуксуз өткөрүп жиберүү үчүн системалуу түрдө пара талап кылуу фактылары аныкталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 28-октябрда УКМК кызматкерлери Чүй облусундагы беш салмак-габариттик көзөмөл бекетиндеги бир катар жооптуу адамдарды кармашты. Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени менен, учурда кармалгандардын так саны ачыктала элек.

Аныкталган коррупциялык схема ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын көзөмөлсүз өтүшүнө шарт түзүп, республиканын автоунаа жолдоруна жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүү коркунучун жараткан, — деп айтылат УКМКнын расмий билдирүүсүндө.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар