3 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Фотогалерея · 3 Миллиондук наркобизнестин бети ачылды: Бишкекте интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Миллиондук наркобизнестин бети ачылды: Бишкекте интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

• 1 мүнөт окуу • 88 көрүү

Zobolo — Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын рейддин жүрүшүндө ири көлөмдөгү баңгизат соодасы менен алектенген шектүү колго түштү. Ага караштуу автоунааны тинтүү учурунда ак түстөгү порошок сымал зат салынган таңгак табылган. Дагы бир ушундай эле таңгак жашыруун каткан жерден (закладка) алынды.

Ыкчам кызматкерлер шектүүнүн үйүн тинтүү маалыматында чыныгы нарколабораторияны аныкташкан. Үйдөн өсүмдүктөрдү өстүрүүчү атайын жабдыктар, ар кандай суюктуктар куюлган идиштер, таңгактоочу материалдар жана электрондук таразалар табылган. Ошондой эле сатууга даярдалган марихуана, гашиш жана героин баңгизаттары тартылып алынды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, колго түшкөн зыяндуу заттардын кара базардагы баасы 4,5 миллион сомду түзөт.

Маалым болгондой, кармалган жаран Бишкек шаары жана Чүй облусу аймагында наркозаттарды жайылтуу менен алектенген интернет-дүкөндөрдүн биринин негизги уюштуруучуларынын катарына кирет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар