3 Ноябрь Бишкек +16°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Бишкектеги үйлөрдүн биринен жашыруун алкоголь цехи табылды

Бишкектеги үйлөрдүн биринен жашыруун алкоголь цехи табылды

• 1 мүнөт окуу • 20 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарында үйдөн мыйзамсыз түрдө алкоголдук продукция даярдоо фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрь күнү Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ыкчам текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бөтөлкөлөргө куюлуп сатууга даярдалган 218 литр алкоголдук продукция жана 224 миң 557 даана жасалма акциздик марка табылып, конфискацияланды. Мыйзамсыз аракеттер боюнча бардык топтолгон материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Спиртти жана алкоголдук продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүргөндөргө 50 миң сом айып пул салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, — деп айтылат маалыматта.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар