2 Ноябрь Бишкек +16°
Курстар USD 87.46 +0,00% EUR 97.61 -0,05% RUB 1.08 -0,27% KZT 0.1929 -0,01%
Соңку билдирүүлөр
Пенсия курагындагы мугалимдер иштен жапырт бошотулбайт

Пенсия курагындагы мугалимдер иштен жапырт бошотулбайт

• 1 мүнөт окуу • 85 көрүү

Zobolo — Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин мектептерге жана билим берүү уюмдарына жумушка орношууну каалагандардын, анын ичинде жаш адистердин саны көбөйгөнүн билдирди. Буга байланыштуу министрлик жаш кадрларды тартуу менен катар тажрыйбалуу педагогдордун дараметин сактап калуу жана колдонуу жолдорун караштырууда.

Ведомстводон белгилегендей, пенсия курагындагы мугалимдер жумуштан жапырт алынбайт. Алардын көп жылдык тажрыйбасын натыйжалуу пайдалануу максатында төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр каралууда:

  • Жаш мугалимдерге насаатчылык кылуу жана усулдук колдоо көрсөтүү;

  • Педагог-ассистент жана консультант катары иш алып баруу;

  • Башка билим берүү программаларына катышуу.

Министрлик ар бир педагогдун кесиптик тажрыйбасы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошоорун баса белгилейт.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар