Кызымды басынтып жатышат... Бала бакчадагы конфликт эмне менен аяктады?
Психолог, фейсбук тармагынын активдүү колдонуучусу Зарима Игамбердиева бала бакчада болгон бир окуясы менен бөлүштү. Эмесе, макалага назар салыңыз:
Бүгүн бакчада тарбиячы болуп иштеп жүргөн кезимдеги Бермет аттуу кызыбыздын атасы менен болгон бир чыр чатак тууралуу айтып бергим келди.
Бир күнү жумушта отурсам, ата-энелер группасына билдирүү келип түштү. Окуп көрсөм, бир ата түз эле менин дарегиме нааразычылыгын билдириптир:
— «Кызымды бөлүп жатасыңар. Эмне үчүн менин кызымды сүрөткө тарткан жоксуңар?» — деп арызданган.
Атасынын кызы үчүн кыжалат болуп, таарынганын дароо сездим. Телефонго келген катты окуп жатып өзүмө: «Качан, кайсы учурда кызын башкалардан бөлүп койдук экен? Кайсы сүрөттү жибербей калдык?» — деген суроону бердим.
Көрсө, жаңы эле болуп өткөн майрамда тартылган сүрөттөрдүн арасынан кызынын сүрөттөрү жакшы чыкпай калгандыктан, толук жөнөтпөй калган экенбиз. Сүрөттөр абдан көп болгондуктан, арасынан жакшыларын гана тандап жөнөткөн элек. «Сүрөт үчүн да ушунча ачууланабы?» — деп ойлонуп калдым. Бул маселеден уруш чыгарбай эле түшүнүшүп койсо болот эле го. Ошентсе да Берметтин атасына дароо жооп берүүгө шашкан жокмун. Себеби, мындай учурда сабырдуулук жана акылмандык керек эле. Улуу адам менен кайым айтышып, кадыр-баркымды түшүргүм келген жок.
«Бир аз күтө турайын, ата да тынчтанып алсын» — деп, телефонду четке коюп сыртка чыгып келдим. Кайра келсем, группада талкуу уланып жатыптыр. Атасы: «Эжекеси, эмне үчүн видеочалууга жооп бербей жатасыз?» — деп, мени качып жаткандай түр көрсөтүп жазыптыр.
Бул жорукка ачууланган башка ата-энелер мени колдоп, ага катуу айтып, менин ордума жооп берип коюшуптур. Ошондо ата-энелердин ортосунда келишпестик жаралышын каалабагандыктан, дароо чара көрүшүм керек экенин түшүндүм. Анткени, байке да ашынып бара жатты. Андан соң группага төмөнкүдөй билдирүү жаздым:
«Саламатсызбы, байке! Жазгандарыңыздын баарын окудум. Эгер дагы айта турган сөзүңүз бар болсо, эшигибиз ар дайым ачык, келип жолугуп сүйлөшөлү. Эгер убактыңыз болбосо, мен өзүм видеочалуу кылам, жооп берип коюңуз».
Бул билдирүүдөн кийин группада тынчтык орноду. Башка ата-энелерге да: «Атаны жемелебей туралы, мындан пайда чыкпайт. Биз өзүбүз сүйлөшүп, маселени чечип алабыз» — деп кайрылдым.
Андан соң байкеге чалдым. Көрсө, курулушта иштейт экен. Маанайы жок болуп турганы үнүнөн да билинип турду.
— Саламатсызбы! Канчадан бери мага таарынып жүрөсүз? Ачык айта бериңиз, сизди угууга даярмын.
— Кечиресиз, эжекеси. Катуу сүйлөп алдым. Бирок эмнегедир кызымды башкалардан бөлүп жаткандай сезилди.
— Конкреттүү мисал келтире аласызбы? Мүмкүн өзүм байкабай жүргөн чыгармын.
— Майрам күнү башкаларды тартып, менин кызымды сүрөткө тартпай коюптурсуңар.
— Түшүндүм. Азыр баардык сүрөттөрдү кайра карап чыгып, кызыңыздын башка жакшы чыккан сүрөттөрү бар болсо дагы жөнөтүп коёюн. Дагы сурооңуз барбы?
— Жок, чоң рахмат. Кечирим сурайм. Группадагы сөздөрүмдү да оңдойм.
Байке чындап эле ата-энелер группасына кечирим сураган билдирүүсүн жазып оңдоп кетти. Андан кийин:
— Эми сиз менен ага-карындаш катары баарлашсам болобу? Эгер макул көрсөңүз, бир аз ой бөлүшкүм келди, — дедим. — Сиз улам «кызымды басынтып жатышат» деп айтып жатасыз. Бирок бакчада кызыңыз өзүн эркин сезип, эч кимден тартынбай ойноп жүрөт. Бул сөзүңүздү улам кайталай берүү менен өзүңүз кызыңызды басынтып албайсызбы? Чоңдор балдарыбызга терс ойлорду таңуулай берсек, алар мугалимди кандай кабыл алып калышат?
Ал бир аз үнсүз калып:
— Сиз туура байкадыңыз. Өзүм кыжалат болуп, абалымды башкара албай, ачуумду силерге чыгарып алдым. Азыр жашоомдо бир аз кыйынчылыктар болуп жатат, — деп көйгөйлөрүн айтып берди.
Байкенин сөзүн акырына чейин угуп: «Кызыңызга экөөбүз тең колдоо көрсөтөлү» — деп сунуш кылдым.
Бир нече убакыттан кийин ал кыз бакчага келбей калды. Үйүнө барып кабар алып келейин десем, бүт үй-бүлөсү менен ооруп жатышыптыр. Абалын көрүп боорум ооруду. Ошондо баягы ачууланган атанын жүрөгү жибип, кызынын абалын сурап барганыма абдан ыраазы болду. Кызы менен жолугушуп, бетинен өөп жылуу сөзүмдү айттым. Байке да маектешүүнү каалап калган экен, узатканча узакка чейин жакшы маанайда сүйлөшүп бастык.
Урматтуу окурмандар! Бул окуя аркылуу айтайын дегеним, адамдарды жакындаткан нерсе — бул жакшы мамиле.
Мен үчүн эң башкысы сөз талашуу эмес, тил табышуу болду.
Анткени ата-эне менен мугалимдин келишпестиги баланын жүрөгүнө терс таасирин тийгизет. Балдар кичине болгонуна карабастан, чоңдордун кабак-кашынан баарын сезип турушат.
Албетте, мен өзүмдү «баары менен эле тил табышып кете алам» деп айта албайм. Кээде менде да катуу сүйлөп коюу учурлар болот. Бирок ошол абалдан тынчтык жолу менен чыгып, мамилени кайра калыбына келтире алганыбыз үчүн кубандым жана бул мага чоң тажрыйба болду. Ошентип Берметтин үй-бүлөсү менен бүгүнкү күнгө чейин сый мамиледе калдык.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү