Кызыңыз үчүн татыктуу ата болуңуз. Жолдору
Эгер сиз кызыңыз үчүн өзгөчө татыктуу ата болууну кааласаңыз, анда төмөнкү кеңештер сизге жардам берет. Ар бир эле ата кызы үчүн чыныгы үлгү боло бербесин эсиңизден чыгарбаңыз.
Баардык аялдарга аяр жана сый мамиле кылыңыз!
Эркек адам аялы же достору менен сүйлөшүп жатканда уул-кызынын же башка кичинекей балдардын көзүнчө интимдик темадагы тамашаларды айтып, орунсуз сөздөрдү сүйлөбөшү жана сөгүнбөшү керек. Анткени мындай көрүнүштөр балдардын тарбиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан мындай темаларды досторуңуз менен өзүнчө калганда талкуулаганыңыз оң.
Эч качан аялыңыз менен балдарыңыздын көзүнчө урушпаңыз. Эгер пикир келишпестик жаралса, балдар башка бөлмөдө болсо да, үнүңүздөрдү басаңдатып, маселени тынч чечүүгө аракет кылыңыз.
Жубайыңызды ар дайым сыйлап, ага жардам бериңиз.
Апаңызга, эже-карындаштарыңызга, жубайыңызга жана кызыңызга күтүлбөгөн белектерди тартуулап туруңуз. Алардын мээримдүүлүгүн, назиктигин жана сулуулугун баалап, сиз үчүн канчалык кымбат жана маанилүү экенин дайыма айтып, көңүлдөрүн көтөрүп туруңуз.
Кызыңыздын максаттарына жетишине жардам бериңиз!
Кызыңызга канчалык ишенериңизди көрсөтүңүз. Ага дайыма ишенип, колдоо көрсөтүп туруңуз. Көп учурда аталар байкабастан эле кызынын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүп алышат.
Мисалы, «Койчу, кызым, болбогон нерселерди айтпай», «Бул кесипти тандасаң, жумуш табуу кыйын болот, андан көрө башка кесипти танда» же «Бекер жүрө бербей, пайдалуу иш кылсаң боло» деген сөздөрдү айтышы мүмкүн.
Албетте, мындай учурда ата кызына жакшылык гана каалайт. Бирок маселе — өз оюн туура жеткире албаганында. Ошондуктан кызыңызга оюңузду түшүнүктүү жана туура жеткирүүгө аракет кылыңыз.
Анын кичинекей жетишкендиктерин да баалап, мактап туруңуз. Эгер ката кетирсе, катуу урушпай, туура жолду түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Атанын сөзү кыз баланын жүрөгүнө жебедей тийиши мүмкүн экенин унутпаңыз!
Канчалык бошобой жүрсөңүз да, кызыңызга убакыт бөлүңүз!
Эң маанилүүсү — кызыңыздын жанында болуу. Мектептеги ата-энелер чогулуштарына баруудан тартынбаңыз. Мугалимдеринен кызыңыздын жетишкендиктери жана кыйынчылыктары тууралуу сурап туруңуз. Ийгиликтерин мактап, кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам бериңиз. Кызыңызга билим берип, туура тарбиялоо — сиздин негизги милдеттериңиздин бири.
Кызыңыздын келечекте өз алдынча үй-бүлө куруп, башка үйгө кетиши мүмкүн экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Ошондуктан аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Бирге саякаттаңыз, сейилдеңиз, көңүл ачуучу жайларга жана киного барыңыз. Атасы менен өткөргөн мындай жагымдуу күндөр кызыңыздын эсинде өмүр бою сакталат.
Эркек адам да мээримдүү боло аларын көрсөтүңүз!
Балага эненин гана эмес, атанын да мээрими керек. Жумуштан канчалык чарчап келбеңиз, үйгө келгенде балдарыңызды көрүп, алар менен убакыт өткөрүүдөн кубаныч алууну үйрөнүңүз.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү