«Балта колдонулган эмес»: Милиция соцтармактагы дүрбөлөңгө чекит койду
Zobolo — Баткен облустук ички иштер башкармалыгы соцтармактарда тараган каргашалуу окуяда "балта колдонулган" деген маалыматты расмий түрдө четке какты.
Укук коргоо органдарынын билдирмесине караганда, 2026-жылдын 31-октябрында саат 11:20лар чамасында «102» кызматына билдирүү түшкөн. Анда Караван айылынын тургуну, 2002-жылы туулган Д.С. аттуу аял ооруканага жансыз абалда жеткирилгени айтылган.
Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында бул оор кылмышка маркумдун күйөөсү, 1995-жылы туулган М.К. шектелүүдө. Тергөөнүн болжолдуу версиясы боюнча, жубайлардын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө күйөөсү аялын сабап, муунтуп өлтүргөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Белгилүү болгондой, жубайлар 2020-жылы баш кошкон, алардын үч жаш баласы (бир уул, эки кызы) бар болчу. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү