2 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.46 +0,00% EUR 97.61 -0,05% RUB 1.08 -0,27% KZT 0.1929 -0,01%
Соңку билдирүүлөр
Фотогалерея · 1 Имамидин Ташов УКМК кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн айтып, Садыр Жапаровго кайрылды

Имамидин Ташов УКМК кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн айтып, Садыр Жапаровго кайрылды

• 1 мүнөт окуу • 101 көрүү

Zobolo — Абактагы ишкер Имамидин Ташов президент Садыр Жапаровго дагы бир ирет кайрылды. Бул жолу ал УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын, ошондой эле анын жанынан табылган видеодогу 450 миң доллар УКМКнын акчасы болгонун айткан.

Видеодогу 450 миң $ УКМКнын акчасы. Ошондуктан ал акча бирөөгө берилген жок, анча сумма менен бирөө жарым кармалган жок жана кылмыш ишинде да жок. 2023-жылы 8-декабрда УКМКнын 2 кызматкери (Жапаров Элнур менен Токтогулов Жоомарт ) мени соттон кыйнап, коркутуп уурдап "Хаятт" отелине алып барышып, алдын-ала өздөрү даярдаган бир сумка акчаны (450 миң долларды) видеого тартып алышкан . Ошол кызматкерлер менен болгон Вотсап жазуулар да бар. Мени уурдап, ташып жүргөн унаа ак түстөгү (281 AFZ) номерлүү Lexus унаасы болчу. Мындан артык силерге кандай далил керек? Бүгүнкүгө чейин бир прокурор мага басып келип иликтеп, сураган да жок. Силерди ишендирип, реакция кылышыңар үчүн сөзсүз түрдө бирөө жарым өлүп калыш керекпи?” - деген Ташов.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар