Милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, пара алууга муктаждыктары жоюлду
Zobolo — Милиция кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылып, алардын пара алууга болгон муктаждыгы толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов "Биринчи радиого" берген маегинде сөз кылды.
Исмаиловдун кебине караганда, боди-камераларды активдүү колдонуу жана кызматкерлердин айлыгын көтөрүү коррупцияга каршы күрөшүүдөгү эң маанилүү кадамдардан болгон.
"Карга карганын көзүн чукубайт" деген сөз бүгүнкү күндө милицияга тиешелүү эмес. Кызматкерлерибиздин баары так, чынчыл. Бирок "бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, саналуу бир-эки кызматкердин айынан жалпы милицияга көө жабылып жатат. Негизинен айтсак, айлыктар бир топ көтөрүлдү. Бир-эки миң сом пара ала коем деп, азыркы жакшы айлыгынан эч кимдин ажырагысы келбейт, — деди Исмаилов.
Муну менен катар ал жарандарды милиция кызматкерлери тарабынан пара алуу же башка мыйзам бузуулар байкалса, дароо ишеним телефондоруна кабарлоого чакырды.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү