1 Ноябрь Бишкек +14°
Курстар USD 87.46 -0,00% EUR 97.66 +0,00% RUB 1.09 +0,01% KZT 0.1929 -0,01%
Соңку билдирүүлөр
Аймагыңдын депутатына бар дебеди! Төраганын жөнөкөйлүгү жана элге жакындыгы жогору бааланды «Санарип кайгуул» жана заманбап шарттар: Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ишке кирди Президенттин тапшырмасы менен жайыттарды куткаруунун сырдуу планы башталды Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады Марлен Маматалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады Аймагыңдын депутатына бар дебеди! Төраганын жөнөкөйлүгү жана элге жакындыгы жогору бааланды «Санарип кайгуул» жана заманбап шарттар: Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ишке кирди Президенттин тапшырмасы менен жайыттарды куткаруунун сырдуу планы башталды Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин өздүк курамын куттуктады Марлен Маматалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Фотогалерея · 1 Кыргыз милициясы 102 жашта!

Кыргыз милициясы 102 жашта!

• 1 мүнөт окуу • 95 көрүү

Zobolo — Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз милициясы 102 жылдыгын белгилеп жатат.

Кыргыз милициясы түзүлгөн алгачкы күндөн тартып эле коомдук коопсуздукту сактоодо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда оор жана жооптуу милдетти аркалоодо. Ата мекендин тынчтыгы үчүн күнү-түнү кызмат өтөп, кылмыштуулукка каршы күрөшүп келе жаткан баардык ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.

Ардактуу милиция кызматкерлери жана урматтуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Элибиздин бейпилдиги, коомдогу тынчтык жана туруктуулук көбүнчө Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, кайраттуулугуңуздарга жана ишиңиздерге болгон берилгендигиңиздерге түздөн-түз байланыштуу. Кызматтык милдетиңиздерди аткарууда көрсөткөн эрдигиңиздер жана тайманбастыгыңыздар ар дайым урмат-сыйга татыктуу.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, кызматыңыздарда чоң ийгиликтерди жана тынчтыкты каалайбыз! Мекендин коопсуздугун сактоодогу жооптуу ишиңиздер ар дайым ийгиликтүү болсун!

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар