Бишкекте 18 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштү
Zobolo — Бишкектин Фрунзе жана Айдарбеков (мурунку Жаш гвардия — ред.) көчөлөрүнүн кесилишинде 18 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынан кабар беришти.
Чукул кабарга караганда, чакыруу саат 10:34тө түшкөн. Кыздын канчанчы кабаттан кулаганы азырынча белгисиз. Бирок турак жай 15 кабаттуу экени айтылды.
Жабырлануучу №4 шаардык ооруканага өтө оор, эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Дарыгерлер кыздын мээси жабыркап, бир нече жеринин сынганын аныкташкан.
Бишкектин Ленин райондук ммилициясы факт каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
2 миң сом пара берген киши эмне үчүн эки жылга камалган? Мыйзам менен жашасак ушундай болобу?
Zobolo
356
•1 мүнөт окуу
Атактуулардын арзан жарнамасы: Карапайым элдин ишенимин саткандар качан жазага тартылышат?
Zobolo
463
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү