Сыймык Жапыкеевдин сынына президенттин маалымат катчысы жооп кайтарды
Zobolo — Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирип, БШКга арыз тапшырган Сыймык Жапыкеевдин сынына жооп берди.
Ал маектеринин биринде "Бийлик өлкөнү өнүктүрүү үчүн эч нерсе кылбай жатат" деген пикирин айткан.
Алагөзов шайлоо процесси башталганын, ошондуктан ар кандай пикирлер жана сындар айтыларын белгиледи. Анын пикиринде, талапкерлер өз позициясын ар кандай формада билдире алат жана бул кадимки көрүнүш.
Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угабыз. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет, — деди Алагөзов.
Анын айтымында, "Бир гана нерсеге жол берилбейт, бул — мыйзамсыз аракеттер, массалык башаламандыктарга чакыруу же уюштуруу".
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү