Эмне үчүн убадага турбаган эркектер көбөйүп бара жатат? Чыныгы эркек калдыбы?
Сөз берип туруп аткарбаган, жоопкерчиликтен качкан эркектердин көбөйүшү эмнеден кабар берет? Бул тарбиянын, баалуулуктардын жана жоопкерчилик маданиятынын алсырашын көрсөткөн социалдык белгиби? Ушул суроолордун айланасында талдап көрдүк.
Сөздүн баркы эмнеге түшүп кетти?
Илгери “эркектин сөзү” деген түшүнүк өзүнчө бир институт болчу. Сөз — убада, убада — милдет эле. Азыр болсо коом алмашып, эркек адамга болгон ишеним күндөн күнгө азайып бара жатат. Мурун алдуу-күчтүү, айткан сөзүн так аткарган, убаданы бек сактаган, аманатка кыянат кылган эркектик чыныгы мүнөз болсо, азыр тескерисинче болуп калгандай... Муну ойлонуп отуруп, "Чыныгы эркек калдыбы?" деген бүдөмүк ой мээге "чырк" дей түшөт.
Жоопкерчиликтен качкан муун
Бүгүн айрым эркектер үчүн убада мурункудай милдет болбой, убактылуу эмоцияга айлангандай. Жигитче сөз берип, бирок ишке келгенде артка чегинген эр адамдар ого эле көбөйдү. Анан да ар кимди алдап, ушактап, эки жүздүүлүк кылып, ит түшпөгөн деңгээлге түшкөндөрдү сөз кылбай эле коёлу.
Тарбиядагы боштук
Эркек баланын мүнөзү сөз менен эмес, үлгү менен калыптанат. Эгер бала жоопкерчиликтүү ата, сөзүнө турган чоңдорду көрбөсө, анда сөздүн баасын да түшүнбөйт.
Көп учурда коом өзү да “сөз — сөз эле” деген мамилени кадимки көрүнүш кылып койду. Натыйжада убада — олуттуу милдет эмес, жөн гана сүйлөм болуп калды.
Социалдык көрүнүш жана жасалма образ
Соцтармактарда “идеалдуу эркек” образын түзүү жеңил. Сүрөттө баары жеткилең: убада бар, романтика бар, ишеним бар. Бирок реалдуу жашоодо ошол образ менен иш-аракеттин ортосунда чоң ажырым пайда болууда. Элдин алдында “идеалдуу көрүнүү” көбөйгөн сайын, ичкерки жоопкерчилик азайып бара жатат.
Эң чоң жоготуу — ишеним
Убадага турбаган адам бир эле кишини эмес, бүт ишеним системасын бузат. Бир жолу аткарылбаган сөз экинчи жолу ишенбөөчүлүк жаратат. Бул жеке мамиледен башталып, коомдук деңгээлге чейин өсөт. Ишеним жоголгон жерде мамиле да, урмат да алсырайт. Бабалар айткандай, "Эр адам алдаса, кубаты азаят".
Бул эркектик кризиспи же адамдык кризиспи?
Муну жөн гана “эркектер начарлап кетти” деп түшүндүрүү жеңил. Бирок тереңирээк караганда, бул — жоопкерчилик маданиятынын кризиси.
Эркектик — бул катуулук эмес, бул сөзгө бекем туруу.
Эркектик — үн эмес, иш.
Убада — бул эмоция эмес, милдет болуп саналат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү