Эмне үчүн коомдук транспорт кооптуу болуп бара жатат? Түшүндүрмө
Zobolo — Соңку кезеңде баш калаада коомдук транспорттун, атап айтканда автобустардын катышуусунда жол кырсыктары көбөйдү. Бул жагдай калаа тургундарын гана эмес, бийлик өкүлдөрүн да кооптондурууда.
«Бишкек транспорт» ишканасынын өкүлү Бакыт Таабалдиевдин маалыматы боюнча, автобустардын аварияга учурашына биринчи кезекте айдоочулардын жоопкерчиликсиздиги себеп болууда. Муну менен катар, шаардагы тыгындар жана айдоочулардын эс алуу тартибиндеги көйгөйлөр да маселени курчутууда.
Соңку катталган үч жол кырсыгында бир автобустун айдоочусу күнөөлүү экени аныкталды. Экинчиси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми үчүнчү кырсыкта айдоочунун тарамышы тырышып арыкка түшүп кеткен. Дарыгерлердин чечими чыкса, териштирүү иштери аягына чыгат, — деп билдирди Таабалдиев.
Буга чейин калаа мэри Айбек Жунушалиев автобус айдоочуларын жыйынга чогултуп, жоопкерчиликсиз мамиле үчүн катуу нааразычылыгын билдирген. Шаар башчысы эгер абал оңголбосо, «жакында шаарда такыр автобус калбай каларын» айтып, өң-алеттен кеткен эле.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү