Асмандан акча жаадыбы? Астанада терезеден доллар салынган 8 чемодан ыргытылды
Zobolo — Казакстандын борбору Астана шаарынын тургундары кудум кинодогудай таң калыштуу көрүнүшкө туш болушту. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен доллар салынган сегиз чемодан ыргытылган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты.
Бул табышмактуу видео Казакстандагы эки ири компаниянын жетекчилеринин кармалганы тууралуу кабарлардан кийин чыкканы өзгөчө көңүл бурат. Буга чейин Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети «Самрук-Казына» фондунун башчысы Нурлан Жакупов менен «Казакстан темир жолу» компаниясынын жетекчиси Елжас Отыншиев коррупцияга шектелип кармалганын расмий түрдө ырастаган эле.
Азырынча чемодандагы миллиондогон акчалар бул коррупциялык ишке тиешеси бар-жогу расмий айтыла элек.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү