21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Өзүңөргө эле жаман болот! Бишкек мэриясы "Самокаттарга толук тыюу салгыла" дегендерге жооп берди

Өзүңөргө эле жаман болот! Бишкек мэриясы "Самокаттарга толук тыюу салгыла" дегендерге жооп берди

• 1 мүнөт окуу • 208 көрүү

Zobolo — Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында калаада электр самокаттарына жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарына толук тыюу салуу маселеси талкууланды. Мэрия мындай чечим кабыл алынса эмне болоорун айтып берди.

Жыйында депутат Казыбек Эргешов шаардык кеңеш тыюу салуу жөнүндө жобо кабыл алышы мүмкүн экенин айтып, ал үчүн мэриядан самокаттар катышкан жол кырсыктарынын сүрөттөрү тиркелген расмий сунуш талап кылынарын белгиледи. Ошондой эле ал самокат токтотуучу жайлар үчүн жер тилкелерин ижарага берүүдөн шаар бюджетине түшкөн каражаттын көлөмүнө кызыкты.

Буга жооп берип жатып вице-мэр Рамиз Алиев маселенин өзөгү бюджеттин кирешесинде эмес, шаар тургундарынын коопсуздугунда экенин билдирди. Ошол эле маалда ал толук тыюу салуудан мурун эки маанилүү жагдайды эске алуу зарылдыгын айтты:

  • жолдордо унаа тыгындарынын көбөйүшү;

  • жеткирүү кызматтарынын кызматкерлери кирешесиз калып, автоунаага өтүшү.

Самокаттарды колдонууга толук тыюу салуу жеке жактарга да тиешелүү болот, анткени айрым айдоочулар аларды күнүмдүк турмушта колдонушат. Мындан тышкары, жеткирүү кызматтарын да эске алуу керек. Эгер тыюу салсак, баардык жеткирүүчүлөр ишсиз калып, автоунаага өтүшөт, — деди вице-мэр.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар