21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Кыргыз пенсионерлерин кандай укмуштуу өзгөрүүлөр күтүп турат? Соцфонддун демилгеси

Кыргыз пенсионерлерин кандай укмуштуу өзгөрүүлөр күтүп турат? Соцфонддун демилгеси

• 1 мүнөт окуу • 672 көрүү

Zobolo — Карылыкты үйдө, жалгыздык менен өткөрүү заманы артта калганы турат. Соцфонддун башчысы Бактияр Алиевдин айтымында, пенсионерлердин жашоосун кызыктуу жана ден соолукка пайдалуу кылуу үчүн масштабдуу долбоорлор даярдалууда.

2027-жылдын мартынан баштап октябрга чейин өлкөдөгү ар бир паркта инструкторлордун коштоосунда бий, гимнастика жана дем алуу көнүгүүлөрү уюштурулат.

Ошондой эле шаар бийликтери менен биргеликте шахмат, теннис жана йога менен алектенүү үчүн атайын имараттар оңдолуп берилмекчи.

Мындан тышкары, санаторий маселесин чечүү үчүн биринчи этапта Ысык-Көл менен Ошто карылар үчүн атайын пансионаттарды куруу пландалууда. Бул сонун демилгени Министрлер кабинетинин башчысы да толук колдоого алды.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар