Инфляция өсүп, айлык ордунда турабы? Жаңы мыйзамдан кийин кимдин маянасы көбөйөт?
Zobolo — Кыргызстанда эмгек акыны инфляциянын деңгээлине жараша милдеттүү түрдө индексациялоо тартиби киргизилди. Бул тууралуу президент тиешелүү мыйзамга кол койду.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдөгү бардык иш берүүчүлөр товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө милдеттүү болот. Маянаны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдардын ички ченемдик актыларында айкындалат.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте Токомбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңго бурулууга уруксат берилди
Zobolo
83
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү