21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Жасалма интеллект жолду көзөмөлдөйт! Бишкекте биринчи жолу өзгөчө жол чырак орнотулду

Жасалма интеллект жолду көзөмөлдөйт! Бишкекте биринчи жолу өзгөчө жол чырак орнотулду

• 1 мүнөт окуу • 463 көрүү

Zobolo — Бишкекте унаа кыймылын жасалма интеллекттин жардамы менен башкаруучу жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Жаңы система Жеңиш проспекти менен Калинин көчөсүнүн кесилишине коюлду. Ал унаа агымына жараша жол чырактын иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алары айтылды.

Мисалы, солго бурулчу унаалар көбөйсө, система кошумча тилкени да солго багыттайт. Өзгөрүү тууралуу айдоочуларга кесилиштеги LED-экрандар маалымат берет, — деп айтылат билдирүүдө.

Система азырынча сыноо режиминде иштеп жатат. Ал камералар аркылуу унаа агымы боюнча маалымат чогултуп, кайсы багытта жана кайсы убакта автоунаалар көп топтолорун талдоодо.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар