Каныбек Туманбаев: Кара-Суудагы «Туратали» базарында ижара акысы көтөрүлбөйт
Zobolo — Кара-Суудагы «Туратали» базарында ижара акысы көтөрүлбөйт жана мурдагы баалар ошол бойдон сакталаарын Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен базардын соодагерлери менен жолугушкан учурда билдирди.
Белгилей кетсек, «Кара-Суу» базары жакында эле Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыял» мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берилген.
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында өткөн жолугушууда Туманбаев соодагерлердин кайрылууларын угуп, аларды тынчсыздандырган маселелер боюнча кеңири түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, ишкерлерге контейнерлерин сатууга, ижарага жана субарендага берүүгө толук уруксат берилет. Бирок контейнерлер жайгашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикте кала берет.
Мындан тышкары, базардын иши толугу менен санариптештирилип, ижара төлөмдөрүн кабыл алуу электрондук системага өткөрүлөт. Баардык каражат расмий банктык эсеп аркылуу жүргүзүлүп, ар бир төлөм катталып турат. Бул чаралар көмүскө төлөмдөрдү жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган.
Каныбек Туманбаев базарды мамлекеттин карамагына өткөрүүнүн башкы максаты ишкерлерге тоскоолдук жаратуу эмес, тескерисинче, ыңгайлуу шарт түзүп, базардын инфраструктурасын жакшыртуу экенин кошумчалады.
Эске сала өтсөк, буга чейин Ош облусундагы «Кара-Суу» базарынын соодагерлери соода орундарынын ижара акысы кымбаттаганына нааразы болуп митингге чыгышкан болчу.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү