Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев каякка кетет?
Zobolo —2026-жылдын 22–23-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Грузиянын Батуми шаарына иш сапары менен барат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Грузиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо келечеги боюнча пикир алмашат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Айгүл Жапарова Самарканддагы “IMKON” реабилитациялык борборунун ачылышына катышты
Zobolo
7
•1 мүнөт окуу
Кыргызстанда аммоний нитратын өнөр жайда жардыруучу зат катары колдонууга тыюу салуу сунушталды
Zobolo
14
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү