Кыргызстанда ондогон жылдардан бери катталбаган жогорку өндүрүмдүүлүктөгү газ табылды
Zobolo — Кыргызстанда жаңы жаратылыш газынын кени ачылды. «Кыргызнефтегаз» компаниясынын маалыматы боюнча, Майлуу-Суу аймагынан табылган жаңы кендин суткалык кубаттуулугу 40 миң кубометрден ашат. Бул көрсөткүч Кочкор-Ата шаарын жана чектеш айылдарды толугу менен көгүлтүр отун менен камсыз кылууга жетет.
Ишкана жетекчилиги соңку 10–15 жылдын ичинде мындай жогорку өндүрүмдүүлүктөгү газ булагы катталбаганын белгиледи.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Окшош жаңылыктар
•1 мүнөт окуу
Бишкекте Токомбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңго бурулууга уруксат берилди
Zobolo
83
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү