21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Кыргызстандыктар 3 ай интернетсиз жашай алышабы? Жалган кабар соцтармакты кантип дүрбүттү?

Кыргызстандыктар 3 ай интернетсиз жашай алышабы? Жалган кабар соцтармакты кантип дүрбүттү?

• 1 мүнөт окуу • 102 көрүү

Zobolo — Интернет тармагында 17-ноябрда дүйнө жүзү боюнча глобалдык «санариптик апокалипсис» болуп, хакерлер ири банктарга чабуул жасайт жана жарандардын банк эсептериндеги акчасы жок болуп кетет деген кабарлар тараган. Ошондой эле бүткүл дүйнөдө интернет тармагы үч айга өчүрүлөрү айтылып, коомчулуктун арасында чуу жараткан болчу.

Бул маалыматка байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы расмий түрдө үн катты. Башкы банк таратылган маалыматтар эч кандай тастыкталбаган фейк экенин билдирип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат, — деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Ошондой эле мекеме кардарлардын, аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарын толук коргоо үчүн зарыл болгон баардык коопсуздук чараларын көрүүгө даяр экенин кошумчалады.

Улуттук банк жарандарга текшерилбеген жана күмөндүү булактарга ишенбей, гана расмий маалыматтарга таянууну эскертет.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар