21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Бишкектин мэри бузулган объектилердин ээлерине кенемте сертификаттарын тапшырды

Бишкектин мэри бузулган объектилердин ээлерине кенемте сертификаттарын тапшырды

• 1 мүнөт окуу • 348 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү иштеринин алкагында бузулган объектилердин ээлерине кенемте (компенсация) сертификаттарын тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул максатта жергиликтүү бюджеттен 40,7 миллион сом бөлүнгөн. Компенсациянын өлчөмү жер тилкелеринин рыногундагы наркын көз карандысыз баалоонун негизинде так аныкталган. Мэрия калган жер тилкелери үчүн да кенемте толугу менен төлөнүп берилерин убада кылды.

Бир дагы менчик ээси мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары бузулуп, жеринен ажырабашы керек. Биз компенсация төлөө боюнча милдеттенмелерибизден баш тартпайбыз. Кандай болгон күндө да каржылоо булактарын табабыз. Болгону бул үчүн убакыт керек, — деди Айбек Жунушалиев.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар