21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Кызарт ашуусунда жол тейлөөчүлөр үчүн жаңы пункт ачылды

Кызарт ашуусунда жол тейлөөчүлөр үчүн жаңы пункт ачылды

• 1 мүнөт окуу • 796 көрүү

Zobolo — Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолунун (Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу) 107-чакырымында, Кочкор – Жумгал багытындагы Кызарт ашуусунда жол тейлөө кызматкерлери үчүн заманбап пункт ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы имаратта кызматкерлердин жемиштүү иштеши жана толук кандуу эс алуусу үчүн баардык зарыл шарттар түзүлгөн. Атап айтканда, кабинеттер, эс алуу бөлмөлөрү, жылынуучу жана тамактануучу жайлар каралган.

Мындан тышкары, атайын жол тейлөө техникаларынын кышкы мезгилде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында жылытылган гараждар курулган.

Белгилей кетсек, Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдүү автомобиль жолунун боюнда үч жол тейлөө пунктун куруу каралган. Учурда калган эки объекттин курулушу да аяктоо алдында турат. Алар Тогуз-Торо районунун аймагындагы 260-чакырымда жана Сузак районундагы 357-чакырымда жайгашкан.

Бул пункттарды куруунун негизги максаты — жол кызматкерлерине татыктуу эмгек шарттарын түзүү, техникалардын коопсуздугун камсыз кылуу жана автомобиль жолдорун аба ырайынын катаал шарттарына карабастан жылдын төрт мезгилинде үзгүлтүксүз тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар