Жасалма интеллект профессордун бир жылдык эмгегин кантип «жеп» койду?
Zobolo — Чикаго университетинин укук окутуучусу Уильям Бауде жасалма интеллектке жөнөкөй гана тапшырма берип, өзү түшкү тамакка кеткен. Бирок ал компьютерине кайтып келгенде жагымсыз сюрпризге туш болгон.
Профессор AI-ассистент Claude программасына эски лекция конспекттеринин беттеринин номерлерин жаңыртууну тапшырган. Ал тапшырманы аткарып жаткан маалда Уильям жумуш ордун таштап кеткен. Кайтып келсе, жасалма интеллект «ката кеткенин» айтып кечирим сурап, бир жылдык окуу материалдарын толугу менен өчүрүп койгон.
Бул окуя тууралуу соцтармактарга жазган профессор адамдарга нейротармактарга маанилүү файлдарды көзөмөлсүз иштетүүгө уруксат бербөөнү эскертти. Бактыга жараша, Уильям Бауде өчүрүлгөн баардык документтердин камдык көчүрмөлөрүн (резервная копия) алдын ала сактап койгондуктан, маанилүү материалдар жоголгон эмес.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү