3 Ноябрь Бишкек +9°
Курстар USD 87.45 -0,01% EUR 97.90 +0,30% RUB 1.08 -0,41% KZT 0.1929 +0,01%
Соңку билдирүүлөр
Мен эмнеге мындай эмесмин? Өз жашоосун жек көргөн муундун көз жашы

Мен эмнеге мындай эмесмин? Өз жашоосун жек көргөн муундун көз жашы

• 3 мүнөт окуу • 218 көрүү

Zobolo — Бүгүн адамдын чыныгы жүзүн көчөдөн эмес, телефондун экранынан издей турган заман келди. Соцтармактар жасалма бакыттын жарманкесине айланды. Ар ким өз жашоосунун эң кооз бөлүгүн гана көрсөтүп, чындыгын көшөгө артында калтырууда.

Интернетте баары бактылуудай сезилет. Соцтармак колдонуучуларынын баракчаларындагы сүрөт-видеолордон кымбат унааны, бренд кийим-кечени, жылмайган жүздү, кооз ресторанды, чет өлкөдөгү эс алууну байкоого болот. Бирок ошол бактылуу сүрөт-видеолордун артына карыз менен насыяны, жалгыздык менен куюлган көз жашты, калп менен жалганды, айтор, толгон токой көйгөйлөрүн жашырып келе жатышканын эч ким көрбөйт.

Азыркы тапта көп адамдар эл көзүнө гана көрүнүүнү ойлонуп калышты. Айрымдар тамак ичээрден мурда сүрөткө тартышса, кээ бирлери жардам берээрден мурда видео чыгарышат. Ал турсун кайрымдуулукту да "жактыруу" (лайк) менен "хайп" үчүн жасашат. Коом акырындык менен чыныгы сезимден алыстап, жасалма образдардын туткунуна айланып бара жатат.

Интернет элди бири-бирине жакындаткан жок, тескерисинче "Ким бай көрүнөт?", "Ким сулуу көрүнөт?", "Ким идеалдуу жашайт?" деген өңдүү бир топ жарыштарга салды.

Эң коркунучтуусу жаштардын ушул жасалма дүйнөнү чындык катары кабыл алып жатышканында. Соцтармактагы жасалгаланган жашоону көргөн өспүрүм өз турмушун жек көрө баштайт. “Мен эмнеге мындай эмесмин?” деген суроо аны ичинен жеп, өзүнө болгон ишенимин өлтүрөт. Бирөөнүн жасалма бактысы башка бирөөнүн чыныгы кайгысына айланууда...

Интернетте элдин көбү байлыкты мактанат, бирок анын артындагы чындык айтылбайт. Кээ бир блогерлер кымбат жашоону көрсөтүшүп, жаштарды жеңил акчага кызыктырууда. Натыйжада эмгек менен эмес, көрүнүү менен жашагысы келген муун өсүп келе жатат.

“Кантип ийгиликке жетем?” деген суроонун ордуна “Кантип популярдуу болом?” деген түшүнүк үстөмдүк жасоодо. Мунун кесепети коомдо ачык байкала баштады. Жаштардын арасында депрессия, өзүнө нааразы болуу, психологиялык чарчоо көбөйдү.

Чын чынына келгенде, экрандагы идеалдуу жашоонун көбү — сценарий. Кээде бир мүнөттүк видео үчүн сааттап даярданышат, бир сүрөт үчүн карызга кийим алышат, ал эми “Бактылуу үй-бүлө” деген посттун артында далай уруш-талаш жатат.

Эң өкүнүчтүүсү коом чындыкты эмес, кооз калпты сүйүп калды. Терең ой айткан адамга караганда чыр чыгарган адам тез популярдуу болууда. Билим эмес, "хайп" бааланган заман түзүлдү. Бул — коомдун руханий чарчоосунун белгиси.

Интернет — курал. Ал адамды өнүктүрүшү да мүмкүн, жок кылышы да мүмкүн. Маселе интернетте эмес, аны кандай колдонуп жатканыбызда. Эгер адам өзүнүн чыныгы жашоосун унутуп, виртуалдык образ үчүн жашай баштаса, анда бул жөн гана технология эмес — бул коомдук илдет.

Жасалма дүйнө канчалык жаркырабасын, чындык бир күнү баары бир жүзүн ачат. Себеби, "жактыруу" (лайк) адамды бактылуу кылбайт, фильтр адамдын жан дүйнөсүн өзгөртпөйт.

Интернеттеги жасалма жылмайуунун артында үнсүз кыйналган адамдар көбөйүүдө. Коом дал ушундай трагедияларды көрбөй калды...

Келгиле, экрандагы жалган жылтырактардын артынан сая түшкөндү токтотуп, чыныгы жан дүйнөбүз менен реалдуу жашоодо жашайлы!

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар