Улуттук банк валюта рыногунда кезектеги ири интервенция жасады
Zobolo — Улуттук банк кечээ валюта базарына 214 миллион 550 миң доллар чыгарды. Бул банктын тарыхындагы көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болуп калды.
Мекеменин билдирмесине таянсак, эң ири интервенция быйыл июнь айынын аягында жүргүзүлүп, анда 222 миллион доллардан ашык сатылган.
Жыл башынан бери Улуттук банк 13 жолу интервенция жасап, жалпы 2 миллиард 293,6 миллион доллар сатты. Ал эми былтыр жыл ичинде бул көрсөткүч 853 миллион долларды түзгөн болчу.
Айта кетсек, Улуттук банк доллардын курсундагы кескин өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу жана валюта базарындагы тартыштыкты азайтуу максатында интервенция жүргүзөт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү