Шакиранын концертинен кийин кыргызстандыктар Жерар Пикенин инстаграмын «чабуулга» алды
Zobolo — Мурдагы «Барселона» футбол клубунун оюнчусу Жерар Пикенин баракчасындагы соңку постторунун алдында Шакираны кайрадан кызуу талкуулай башташты. Бул жолу сындарга кыргызстандык колдонуучулар да кошулду.
18-октябрда Шакира «Las Mujeres Ya No Lloran World Tour» дүйнөлүк турнесинин алкагында Бишкек шаарында чоң концерт берди. Социалдык тармактардагы пикирлерге караганда, кыргызстандыктар концертке абдан ыраазы болушкан. Көрүүчүлөр Шакиранын таланттуулугун, кесипкөйлүгүн жана харизмасын белгилеп, ошондой эле жеке жашоосундагы кыйынчылыктарга карабай, ал адамдарды кантип өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандырганын жазышууда.
Мунун фонунда Instagram колдонуучулары Пикенин баракчасына кыргыз жана орус тилдеринде массалык түрдө пикир калтыра башташты. Айрымдары футболчуну жасаган жоругу үчүн айыпташса, башкалары Шакираны мактап, кээ бири күлкүлүү тамашаларды жазып жатышат.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү