Кантсе да эркек да! Шакирага сүйүүсүн билдирген Нурлан Насип талкууда калды
Zobolo — 18-октябрда «Бишкек Аренада» өткөн дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти 40 миңден ашуун көрүүчүнү чогулткан. Билеттерди 36 өлкөнүн жарандары сатып алышып, алардын 10 миңден ашууну чет өлкөдөн келишкен.
Концерттен кийин Шакира Бишкекте болгон учурунан бир нече сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Анын сүрөттөрүнө пикир жазууда кыргыз эстрада ырчысы Нурлан Насип да кайдыгер калган жок. Ал комментарийге англис тилинде «I fell in love with you, Shakira» («Шакира, мен сени сүйүп калдым») деп жазган.
Ырчынын бул сөздөрү социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн буруп, кызуу талкууга башталды. Нурлан Насиптин комментарийи тамаша иретинде жазылдыбы же ырчынын Шакирага болгон өзгөчө сезими чындап ойгондубу, айтор, бул жагы белгисиз.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү