Президенттин катуу сынынан кийин сот системасында дүрбөлөң башталды
Zobolo — Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот системасындагы кемчиликтерди сынга алып, сотторду иштерди создуктурбай кароого чакырды.
Сатыевдин айтымында, президент аймактарды кыдырып, эл менен жолуккандан кийин өлкөдө адилеттик жок деген тыянакка келген.
Төрага сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкууланган жыйында тармактын дарегине айтылган мындай сын ар бир сотту барскан менен төбөгө чапканга барабар экенин сөз кылды.
Президенттин айтканын уктуңар. Элди аралап жүрүп өлкөдө адилеттик жок деген тыянакка келип жатат. Сот системасы өзүн-өзү тазалашы зарыл. Канча реформа жүрүп, шарт түзүлгөнү менен биз кайда баратабыз? 120-130 ишти да карап бүтө алышпайт. Мындан ары катуу чара көрөбүз, эч кандай жеңилдик күтпөгүлө, — деди ал.
Айта кетсек, мамлекет башчы Садыр Жапаров соңку күндөрү Талас облусун кыдырып, эл менен жолугуп жүрөт.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү