«Чоң муштумдардын чырагына май тамыздыңыз!»: Ташбү Каразакова дин өкүлү Өктөмхан Абдувалиевага жооп берди
Zobolo — Ноокат районунун тургуну, элдик дарыгер Ташбү Каразакова социалдык тармактарда өзүн "устаза" атап, өктөм сүйлөгөн дин өкүлү Өктөмхан Абдувалиеванын үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу тараган видеосуна карата кескин сын пикирин билдирди.
Ташбү Каразакова аталган видеодогу айтылган көз караштар үй-бүлөнү ынтымакка эмес, тескерисинче, зыяндуу түшүнүктөргө жана ажырашууга түртөрүн белгилеп, дин өкүлүнө төмөнкүдөй суроолорду жолдоду:
-
«Өктөмкан Абдувалиева эжеке, бул ролик аркылуу турмуш курган жаштарга эмне демекчи болдуңуз? Кыздарга: "Сенин эриң кожоюнуң, анын айтканы закон, баш ийгин, ата-энеңдикине арызданып келбе", "Түшкөн жериңден өлүгүң чыкса чыксын, ажырашпагын, чыдагын", "Сен деген катынсың, сенин милдетиң көп, укугуң жок" — дегениңизби?»
-
«Эркек балдарга айта турган сөзүңүз жок беле? "Аял киши — Аллахтан берилген аманат, аягыла, баккыла, капа кылбагыла, ыйлатпагыла" — дей албайсызбы?»
Элдик дарыгер мындай пикирлер коомдогу терс көрүнүштөрдү күчөтөрүн баса белгиледи.
Роликтеги сиздей болгон апалардын, кайненелердин кесепетинен канчалаган ажырашуулар болуп, өлүмдөр болуп жатат. Сиздин бул айтканыңыз менен үй-бүлө ынтымакка келбей эле, кайра кээ бир акмактардын колуна балта, бычагын карматып жатасыз, чоң муштумдардын чырагына май тамызып койдуңуз, — деп жазды ал.
Ошондой эле ал «Менин балам — ЭРКЕК» деп жаштардын турмушуна негизсиз кийлигишкен энелердин айынан канчалаган неберелер жетим калып жатканын кошумчалады. Кээ бир эркектердин турмуш түйшүгүн көтөрө албай туруп, күнү-түнү тирилик кылган аялдарды адам ордуна көрбөй жатканына туура эмес эне тарбиясы себеп экенин айтты.
Себеби алардын апасы "сен — ЭРКЕКсиң" деп гана тарбиялаган. Анан ошолор сиздин бул айтканыңызды укса, кутурбайбы? Бир кызыңыз болгондо кызды мынтип куубайт элеңиз, айтып чыкмак да эмессиз. Дин жайылтып дарс берип жүрөсүз, аялдардын укугун да айта жүргөнүңүз жакшы, — деп жыйынтыктады Ташбү Каразакова.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү