4 Ноябрь Бишкек +17°
Курстар USD 87.45 -0,00% EUR 97.89 -0,02% RUB 1.07 -0,58% KZT 0.1932 +0,14%
Соңку билдирүүлөр
Курулушу баштала элек үйлөрдү сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды

Курулушу баштала элек үйлөрдү сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды

• 1 мүнөт окуу • 12 көрүү

Zobolo — Кыргызстанда пайдубалы түптөлө элек үйлөрдү сатууга жана жарнамалоого расмий түрдө тыюу салынганын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Жаңы талапка ылайык, куруучу компаниялар эми имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы иштер толук бүтмөйүнчө турак жана турак эмес жайларды сата да, жарнамалай да албайт. Ошондой эле жарандардан жана юридикалык жактардан алдын ала акча алып, үлүштүк катышууга чакырууга да тыюу салынат.

Мындай чечим калктын каражатын жана укугун коргоого, ошондой эле курулушу толук баштала элек объектилерге акча салуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Министрлик бул талаптарды бузган тараптарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар