2027-жылдагы президенттик шайлоо: Чет өлкөлөрдө 96 добушкана ачылышы мүмкүн
Zobolo — 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо кыргызстандыктар 35 чет мамлекеттин 96 шаарында добуш бериши мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын шайлоону уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, добушканаларды кайсы өлкөлөрдө ачуу керектиги боюнча сунуштү Тышкы иштер министрлиги берет. Буга чейин шайлоо тилкелери болбогон Канада менен Латвияда да жаңы добушканаларды ачуу сунушталууда.
Соңку парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө добуш берген кыргызстандыктардын саны 9 миңден 26 миңге чейин өскөн. Алдыдагы шайлоодо жарандардын активдүүлүгүн мындан дагы жогорулатууга аракет кылабыз, — деди ал.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январга белгиленген.
Булак: Zobolo масс-медиасы
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.
Кирүү