21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Мектеп буфетинде энергетикалык суусундуктар сатылып жатабы?

Мектеп буфетинде энергетикалык суусундуктар сатылып жатабы?

• 2 мүнөт окуу • 376 көрүү

Zobolo — Бишкек шаарынын жогорку класстарынын окуучуларынын 22 пайыздан ашыгы энергетикалык суусундуктарды колдонот, алардын дээрлик 40 пайызы жумасына үч жолудан кем эмес ичишет. Бул тууралуу борбор калаада 2026-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Изилдөөгө жогорку класстын 231 окуучусу катышып, адистер ошондой эле 34 соода түйүнүн текшерүүдөн өткөрүшкөн.

Айкын болгондой, энергетикалык ичимдиктер өспүрүмдөр үчүн абдан жеткиликтүү бойдон калууда. Алар бул суусундуктарды үйлөрүнүн жанынан, окуу жайларынын тегерегинен, атүгүл түздөн-түз мектеп буфеттеринен да сатып алышат.

Дагы бир кооптондурган көрсөткүч курамындагы канттын өлчөмү. Изилдөнгөн кичинекей таңгактардагы канттын медиандык көлөмү болжол менен 55 грамды түзгөн. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) суткасына 25 грамм деген эркин кантты керектөө ченеминен эки эсе ашык.

Энергетикалык суусундуктар өспүрүмдүн ден соолугуна эмнеси менен коркунучтуу?

Өспүрүмдүн организми али толук калыптанып бүтө элек болгондуктан, энергетикалык ичимдиктердин курамындагы күчтүү компоненттер чоңдорго караганда алардын ден соолугуна бир топ оор сокку урат.

1. Жүрөк-кан тамыр системасына сокку

Энергетикалык суусундуктардын курамында кофеиндин жана башка стимуляторлордун өлчөмү өтө жогору болот. Бул төмөнкү көйгөйлөргө алып келет:

  • Жүрөктүн кагуусу тездейт (тахкардия): Жүрөк кадимки режижден алда канча тез иштеп, ашыкча күч келет.

  • Кан басымы жогорулайт: Кан басымынын кескин көтөрүлүшү кан тамырлардын абалына терс таасирин тийгизет.

  • Жүрөк ооруларына туруштук берүү жөндөмү начарлап, келечекте жүрөк ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат.

2. Нерв системасы жана психикалык абалга таасири

  • Өнөкөт чарчоо жана уйкунун бузулушу: Башында энергетикалык суусундук кубат бергендей сезилгени менен, кийинчерээк нерв системасын чарчатып, уйкуну бузат. Өспүрүмдөрдүн укташы кыйындап, эртең менен чарчап ойгонушат;

  • Ачуулуулук жана стресс: Кофеиндин ашыкча дозасы өспүрүмдү тынчсыздандырып, тез ачуулануучу, агрессивдүү же депрессияга жакын кылып коюшу мүмкүн;

  • Көз карандылык: Убакыт өткөн сайын организм бул стимуляторлорго көнүп калып, аларсыз өз алдынча сергек боло албай калат.

3. Кант диабети жана ашыкча салмак коркунучу

Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, бир кичинекей банкада эле 55 граммга чейин кант бар (бул күнүмдүк нормадан эки эсе көп). Канттын мындай чоң өлчөмү:

  • Организмдеги канттын деңгээлин кескин көтөрүп, кант диабетинин (2-тип) пайда болуу коркунучун жаратат.

  • Тиштин эмалын бузуп, кариеске жол ачат.

  • Зат алмашууну бузуп, ашыкча салмакка (семирүүгө) алып келет.

4. Окуудагы жана мээнин ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөр

Көптөгөн адамдар энергетикилерди мээнин ишин жакшыртып, экзаменге даярданууга жардам берет деп ойлошот. Бирок чындыгында:

  • Башында мээнин активдүүлүгү кыска убакытка жогорулаганы менен, кийин кескин түрдө энергия түгөнүп, өспүрүм таптакыр ойлоно албай калат.

  • Бул окууга болгон көңүлдү топтоону, эс тутумду начарлатат.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар