21 Ноябрь Бишкек +6°
Курстар USD 87.44 +0,00% EUR 96.01 +0,00% RUB 1.07 +0,00% KZT 0.1944 +0,00%
Соңку билдирүүлөр
Жаңы жылдан тартып кыргызстандыктар энергетикалык суусундуктарды түшүндө гана көрүшөбү?

Жаңы жылдан тартып кыргызстандыктар энергетикалык суусундуктарды түшүндө гана көрүшөбү?

• 1 мүнөт окуу • 658 көрүү

Zobolo — Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өлкөгө ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салууну караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Сунушталып жаткан документке ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып республиканын аймагында кубаттандыруучу (энергетикалык) суусундуктарды импорттоого, өндүрүүгө, дүң жана чекене соода түйүндөрүндө, анын ичинде интернет тармагы аркылуу сатууга жана керектөөгө тыюу салынат.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул чектөөлөр калктын, биринчи кезекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоого, ошондой эле аталган суусундуктарды ичүүдөн келип чыккан ар кандай оорулардын алдын алууга багытталганын белгилешет.

Чектөөлөр кадимки чайга, кофеге жана башка алкоголсуз суусундуктарга тиешеси жок. Ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу жүргүзүлүүчү транзиттик ташуаларга уруксат берилет.

Мыйзам талаптары бузулган учурда күнөөлүү тараптар Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, мыйзамсыз ишмердүүлүктөн түшкөн киреше мамлекеттик бюджеттин пайдасына өндүрүлөт.

Булак: Zobolo масс-медиасы

Макала жактыбы?

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Комментарий жазуу үчүн Telegram аркылуу кириңиз — сырсөзсүз жана почтасыз, 10 секундда.

Кирүү

Окшош жаңылыктар